22- ноябрь " Психологдор күнүнө" карата Ош МУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасында 17- ноябрдан 22- ноябрга чейин "Психология жумалыгы" өткөрүлдү. Жумалыктын башталышын адистиктин 1- курсунун студенттери ачып беришип, социалдык сурамжылоолор, психологиянын адамдын жашоосундагы ролу, тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар берилди.Жумалыктын 2- күнүн 2- курстун студенттери жагымдуу, пайдалуу психологиялык маалыматтар, тренингдер менен улантышты. 3- күн "Биз зордук зомбулукка каршыбыз" аталышындагы иш чара менен коштолду. 4- курстун студенттери болсо институттун "мектепке чейинки, башталгыч класстын педагогикасы жана психологиясы" адистигинин студенттерине арт терапия боюнча тренингди жогорку деңгээлде өткөрүштү. Жуманын акыркы күнү активдүү катышкан студенттер уюштурууга көмөктөшкөн окутуучулар ГРАМОТА жана ДИПЛОМдор менен сыйланышты.











