Ош мамлекеттик университетинин Н. Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект институту
Нанотехнология жана Жасалма Интеллект Институтунун максаттары 1) Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү -наноматериалдар жана наноструктураларды изилдөө; -композиттик материалдарды изилдөөдө жасалма интеллекттин моделдерин жана алгоритмдерин колдонуу; -дебаланстык термелүүчү машина же мобилдүү роботтордун математикалык моделин изилдөөдө жасалма интеллекти колдонуу. 2) Инновациялык технологияларды жаратуу жана коммерциялаштыруу -өндүрүш үчүн натыйжалуу технологияларды иштеп чыгуу; -өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу жана чыгымды азайтуучу композиттик материалдардагы AI+Nano чечимдерди рынокко чыгаруу; -патенттерди, прототиптерди жана пилоттук долбоорлорду түзүү. 3) Билим берүү жана кадрларды даярдоо -нанотехнология жана жасалма интеллект багытында адистерди окутуу; -510200 “Колдонмо математика жана информатика” билим берүү багытындагы магистратура жана PhD докторантура денгээлдеринин программаларын колдоо; -нанотехнология жана жасалма интеллект багытында докторанттар, магисттранттар жана студенттер үчүн лабораториялык практика жана долбоордук иштерди уюштуруу. 4) Эл аралык жана өлкө ичиндеги кызматташуу -университеттер, технопарктар, R&D борборлор жана бизнес түзүмдөр менен өнөктөштүк түзүү; -эл аралык долбоорлорго жана гранттарга активдүү катышуу. 5) Коомдук жана улуттук өнүгүүгө салым кошуу -илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгуу; -стабилдүү жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу; -санариптик трансформацияга көмөк көрсөтүү жана технологиялык коопсуздукту бекемдөө.
