Достижение студентов

Тилебалдыева Буайша «Кыргызстандын мыкты студенти 2023»

МИТ факультетинин ПОВ(б)-2-21 тайпасынын студенти Тилебалдыева Буайша «Кыргызстандын мыкты студенти 2023» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болуп, Ардак грамота жана төш белги менен сыйланды. “Кыргызстандын мыкты студенти” сынагы “Керемет Холдинг” тарабынан демилгеленип Кыргызстан жаштар конгресси жана Салымбеков Университеттин колдоосу менен өтүп жатат.

ПИ(б)-2-21(р) тайпасынын студенти Аширова Аяна

21 май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн университеттер аралык аймактык IX студенттик олимпиадада Информатика предмети боюнча, АССТ кафедрасынын ПИ(б)-2-21(р) тайпасынын студенти Аширова Аяна жана Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасына караштуу ПИА(б)-1-21 тайпасындагы Вайдуллаев Даниль студенттерибиздин командасы I орунду ээлешти. Жетекчиси АССТ кафедрасынын окутуучусу Абдикутузов Байыш Абдикутузович.

ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Камалов Тагайбек

АССТ кафедрасы тарабынан МИТ факультетинин ПОВТАС, АСОИУ, ПИ адистиктеринин студенттерине олимпиада өткөрүлдү. Жыйынтыгында ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Камалов Тагайбек 1-орунду, ПОВ(б)-2-19(р) тайпасынын студенти Жыргалбек уулу Кутманали 2-орунду, ушул эле тайпанын студенти Клинцов Михаил 3-орунду багындырышты. Биринчи , экинчи, үчүнчү байгелүү орундарга АССТ кафедрасы жумуш берүүчүлөр менен меморандумга кол кою аземинде жетишилген сертификаттар илим жумалыгынын жабылышында тапшырылды. Тагыраак айтканда "ITadis" окуу борбору тарабынан 70000, 40000, 30000 сомдук сертификаттар тапшырылды.