ОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ, КУЛЬТУРНАЯ, СОЦИАЛЬНАЯ И СПОРТИВНАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ

Кафедралар аралык акыл таймаш

ОшМУнун 85 жылдык юбилейине жана 21-март "Нооруз" майрамына карата МФТИТ институтунун дирекциясы тарабынан кафедралар аралык өткөрүлгөн "Билим деңиз, акыл кайык" аттуу интелектуалдык таймашында 2-орунду ээлегендиги үчүн АССТ, роботатехника кафедрасы 2-даражадагы диплом менен сыйланды

Аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш

МИТ факультетинде салтка айланган кафедралардын айымдарынын ортосунда өтүлүүчү эстафеталык мелдеш АССТ кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. Жалпы беш команда катышып жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар аныкталып дипломдор тапшырылды.

Футбол — студенттер арасында өткөрүлүүчү мелдеш.

16.02.2024 күнү, Програмалык инженерия адистигинин студенттери арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү, мелдешти ПИ(б)-1-20 тайпасы ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурду

Эркектер арасында футбол боюнча мелдеш

25.01.2024 куну КИИК кафедрасы тарабынан уюштурулган футбол боюнча мелдеште, кафедранын ассистенти Баястан уулу Бегислан "Мыкты дарбазачы" наминациясы менен сыйланды

Студенттердин спорттон жетишкендиктери

АС(б)-1-20 тайпасынын студенти Абидинов Баяман “Алыш күрөшү” боюнча КР чемпионатында 60 кг арасында 1-орунду алып, Азиядагы көчмөндөр оюнуна жолдомо алды