Пищевая безопасность
Роль пищевых добавок в рационе: польза и риски 2025-жылдын 8-декабрь күнү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин БЛ(б)-1-22 тайпасына «тамак рационундагы азык-түлүк кошулмалардын орду: пайдалуу жана зыяндуу жактары. Роль пищевых добавок в рационе: польза и риски» темасында б.и.к., доцент Абдыкааров Абдиманнаптын катышуусу менен өз алдынча иштөө сабагы болду. Студенттер тарабынан азык-түлүк кошулмаларынын мааниси тууралуу көптөгөн суроолор берилди. Студенттер Евробиримдиктин «Жышыл жана санарип университет» долбоорунун негизинде түзүлгөн «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборундагы лабораториялык жабдууларды пайдалануу менен азык-түлүк продукталарынын сапатын практикалык түрдө текшеришти.