Кыргызстандын токой экосистемалары. ӨКАЖА. Токойлорду туруктуу башкаруу 2025-жылдын 2-декабрь күнү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин БК(б)-1-22 тайпасынын студенттерине «Кыргызстандын токой экосистемалары. ӨКАЖА. Токойлорду туруктуу башкаруу» темасында б.и.к., доцент Абдыкааров Абдиманнаптын катышуусу менен өз алдынча иштөө сабагы болду. Студенттер Кыргызстандын экосистемаларынын ар түрдүүлүгү, токой экосистемалары; өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактары жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкууга алышты. Студенттер айрыкча Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактарынын орун алышын карта жана слайд аркылуу көрсөтүп, алардын түзүлүү максаты жана мааниси жөнүндө билгендерин кызуу талашуу менен ортого салышты






















