Все новости кафедры
Химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору М.Д. Абдуллаева, 66 жаш курагына карабастан, ОшМУнун окутуучулары арасында өткөн ХХХIII спартакиадада стол тенниси боюнча активдүү катышты. Анын мындай демилгеси жаш окутуучуларга жана студенттерге үлгү болуу менен бирге, жумушчу жамаатта сергек жашоо образын жайылтууга жана кызматкерлердин ишке болгон мотивациясын арттырууга чоң түрткү берет. Спорт ден соолукту чыңдоо менен катар, эмгек продуктивдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Профессордун активдүүлүгү кесиптештери тарабынан жогору бааланды.


2025-жылдын 17-октябрында өткөн “Жаратылыш байлыктарын иштетүүдөгү инновациялык технологиялар жана алардын мамлекеттин туруктуу өнүгүшүндөгү мааниси” аттуу Эл аралык конференцияда, профессор, техника илимдеринин доктору М.Д. Абдуллаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө уюштурулган иш-чаранын алкагында 3-секциянын — “Жашыл энергетика жана туруктуу өнүгүү” бөлүмүнүн төрайымы катары иш алып барып, конференциянын жогорку деңгээлде өтүшүнө салым кошту. Ошондой эле ал “Кыргызстандагы керамикалык чийки затты кайра иштетүү жана анын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы” деген темада илимий баяндамасын сунуштап, актуалдуу маселелерди көтөрдү. Жыйынтыгында катышуусу үчүн атайын сертификат менен сыйланды.


Ош мамлекеттик университетинин Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору М.Д. Абдуллаева 2022–2024-жылдар аралыгында аткарылган "Экологиялык таза технология менен жылуулук ташыгычтарды өндүрүүнү уюштуруу" аттуу илимий долбоорунун жыйынтыгы менен илимге кошкон салымы үчүн жогору бааланып, ОшМУнун гранты негизиндеги илимий долбоорлордун конкурстук көргөзмөсүнө активдүү катышып, сыймыктуу сертификатка ээ болду. Бул жетишкендик профессордун илимий жана инновациялык изденүүлөрүнүн натыйжасы болуп саналат.


ОшМУда химия мугалимдери үчүн окуу-семинар өттү. 2025-жылдын 10-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда химия мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган окуу-семинар болуп өттү. Иш-чараны Ош билим берүү институту уюштурду. Семинарда химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты Т.А. Абдулазизов Ош шаары, Араван, Өзгөн, Кара-Суу жана Алай райондорунан келген 21 мугалимге “Орто билим берүү мектеп программасына ылайыкташкан тажрыйбалардын теориялык негиздери” темасында сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө мугалимдер мектептеги эксперименттик иштерди туура уюштуруу, коопсуздук талаптары жана заманбап методикалар боюнча кенен маалымат алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар институттун х.и.д., академик Б.М. Мурзубраимовдун музейине экскурсия жасашып, музейдеги уникалдуу экспонаттар менен таанышып, тарбиялык сааттарды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды алышты.


9-декабрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, облустук аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү, илим жана маданият кызматкерлери, замандаштары курсташтары, шакирттери жана окуу жайдын жамааты катышты.