Экологические знания и культура в профессиональной среде
«Биоартүрдүүлүтү коргоо экологиялык коопсуздукту сактоодогу негизги фактор катары - Сохранение биоразнообразия как ключевой фактор экологической безопасности» 2025-жылдын 27-ноябрь күнү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин БИО(б)-1-25 тайпасынын студенттерине 304-аудиторияда «Сохранение биоразнообразия как ключевой фактор экологической безопасности» темасында б.и.к., доцент Абдыкааров Абдиманнаптын катышуусу менен өз алдынча иштөө сабак өтүлдү. Студенттер алгач биоартүрдүүлүктүн мааниси жөнүндө билгендерин ортого салышты. Ар бир студент 2-3 маанисине токтолушту, калган студенттер тактоо максатында суроолорду беришти. Абдыкааров Абдиманнап толуктоолорду киргизди. Андан ары, Абдыкааров Абдиманнап лекцияда өтүлгөн материалдын негизинде биоартүрдүүккө тийгизилип жаткан антропогендик факторлорду талкууга койду. Студенттер даярдашкан слайддын негизинде кенен презентацияларды жасашты жана оозеки жопторду берити. Абдыкааров Абдиманнап урбанизациянын кесепеттерине токтолуу менен биоартүрдүүлүккө терс таасирин тийгизип жаткан антропогендик факторлордун таасирин азайтуу боюнча аӊгемелешүү уюштурду.