2025-жылдын 10-декабрь күнү НО (б)-4-25 группасы (куратору Бекмуратов З.Т.) Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 97 жылдыгына жана Кыргыз адабияты күнүнө карата иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдүн инсценировкаларын көрсөтүштү, Толгонайдын монологун айтышты жана Майсалбектин акыркы катын көркөм окуп беришти. Иш-чара ошондой эле жазуучунун чыгармаларынын негизинде жазылган обондуу ырлар менен коштолду. Ага кафедранын окутуучулары, башка группалардын, курстардын студенттери да катышышты.