ОИДдин кызматкерлеринин ишине жалпы жетекчилик кылат, алардын арасында кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт. Окуу иштеринин маселелерине тиешелүү ББжИ министрлигине караштуу мекеме-уюмдардын каттарына жооп даярдайт, окуу процесси менен байланышкан каттарга жана даттанууларга жооптордун тууралыгын жана өз убагында жөнөтүлүшүн текшерет.
Окуу пландарын жана окутуунун жаны технологияларын кийирүү боюнча жумуштарды уюштурат, “AVN” Информациялык системасын ишке киргизүү процессин жана анын үзгүлтүксүз иштөөсүн ж.б. иштерге түздөн-түз көзөмөл кылат.