510700 Информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо билим берүү программасынын максаттары:
1-максат. Студенттердин максатка умтулуу, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, жарандык, баарлашуу, сабырдуулук сыяктуу социалдык жана инсандык сапаттарын калыптандыруу.
2-максат. Инфраструктураны жана информациялык системаларды администрациялоо үчүн зарыл болгон программалык камсыздоону аналитикалык ой жүгүртүү, долбоорлоо, ишке киргизүү жана иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ информациялык технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоо.











