Спорттук жетишкендиктер
Посттор блогу

Жаңылыктар жана окуялар

Университетибиздеги акыркы иш-чаралар, мелдештер жана жетишкендиктер

Кафедралар аралык интеллектуалдык конкурс

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана "Нооруз" майрамына карата 21-мартта МФТИТ институтунун дирекциясы тарабынан "Билим деңиз, акыл кайык" аттуу кафедралар аралык интеллектуалдык конкурс өткөрүлдү. АССТ жана робототехника кафедрасы 2-орунду ээлеп, II даражадагы диплом менен сыйланды.

Аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш

Аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш

МИТ факультетинде АССТ кафедрасы тарабынан уюштурулган кафедралардын аялдар командалары арасында салттуу волейбол мелдеши өттү. Мелдешке беш команда катышып, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар аныкталып, дипломдор тапшырылды.

Студенттер арасында футбол

Футбол — студенттер арасындагы мелдеш

16.02.2024-жылы "Программалык инженерия" адистигинин студенттери арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеш командалык духту жана биримдикти чыңдоо максатында ПИ(б)-1-20 тайпасы тарабынан уюштурулду.

Эркектер арасында футбол

Эркектер арасында футбол боюнча мелдеш

25.01.2024-жылы КИИК кафедрасы тарабынан уюштурулган футбол мелдешинде кафедранын ассистенти Баястан уулу Бегислан "Мыкты дарбазачы" номинациясы менен сыйланды.

Студенттердин спорттук жетишкендиктери

Студенттердин спорттук жетишкендиктери

АС(б)-1-20 тайпасынын студенти Абидинов Баяман 60 кг чейинки салмакта "Алыш күрөшү" боюнча КР чемпионатында 1-орунду ээлеп, Азия көчмөндөр оюндарына чакыруу алды.