Райондук предмет боюнча олимпиада 11-12- февралда болуп өткөн предметтер боюнча окуучулардын райондук олимпиадасына Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, М.Ж.Калбекова Ноокат районуна, улук окутуучусу А. Ж. Эгемназарова Алай районуна жана окутуучулар Бекжан кызы Г., Калидин кызы Т. Ош шаарына барышып комиссия болуп иштеп келишти. Физика предмети боюнча Ноокат районунда 6 тереңдетилген 25 базалык негизде 31 окуучу, Алай районунда 26 базалык негизде, Ош шаарында 9 тереңдетилген 16 базалык негизде 25 окуучу катышты. Текшергенден кийин апелляциялык арыздарды дагы карап чыгышты.
2026-жылдын 8-январь күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан шаардын мектептеринин физика мугалимдерине Январь усулдук окуусу уюштурулду, мында МФТИТ инстититунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. Калбекова М. Ж., окутуучу Молдоярова Ж.Б. “12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында виртуалдык лабораториялык иштерди уюштуруунун тажрыйбалары” темасында орус жана кыргыз тайпалары үчүн семинар өтүп келишти, семинарда физика предметинен кошумча аткарылуучу виртуалдык лабораториялык иштердин платформалары сунушталды, семинарга 70тен ашык физик мугалимдер катышышты












