Илимий жетишкендиктер

Мыкты илимий долбоор-2025

Ош мамлекеттик университетинде илим бөлүмү тарабынан 10-ноябрь илим күнүнө карата ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» конкурсу университеттин чоң залында өткөрүлдү. Көргөзмөнү университеттин атайын комиссиясы көрүп чыгып анын жыйынтыгы боюнча төмөнкү номинациялар белгиленди: 1. «Мыкты илимий долбоор-2025» номинациясы боюнча: Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору Ысламидин Ташполотов; 2.«Мыкты инновациялык долбоор-2025» номинациясы боюнча: Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Жусубалиев Жаныбай Турсунбаевич; 3.«Улуттук нарктуулукту сактоого багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы боюнча: Тарых жана юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Айтбаев Тажибай Ахматович; 4.«Өндүрүшкө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы боюнча: Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Абдурасулов Абдугани Холмурзаевич; 5.«Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы боюнча: Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Тоо-экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент Аккулов Абдижапар Ураимович; 6.«Айыл чарба багытындагы мыкты долбоор -2025» номинациясы боюнча: Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Низамиев Абдурашит Гумарович; 7.«Саламаттыкты сактоого багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы боюнча: Клиникалык дисциплин №2 кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Бугубаева Махабат Миталиповна; 8.«Социалдык багыттагы мыкты долбоор-2025» номинациясы боюнча: Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти, география илимдеринин кандидаты Алайчиев Эрнисбек Каныбекович. Ошондой эле жогорудагы номинациялардан сырткары көргөзмөгө катышкан 17 долбоордун жетекчилерине катышкандыгы үчүн сертификат ыйгарылды. SCOPUS базасына катталган квартили Q1, Q2, Q3 илимий журналдардан чыккан макалалары үчүн “Мыкты илимий эмгек” номинациясы боюнча университеттин көптөгөн профессордук окутуучулук курам менен биргеликте ЭТФ кафедрасынын аспиранты, ОшМУнун Н. Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Ибраимов Таалайбек Каилбекович, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунунун “Эксперименталдык жана теориялык физика” кафедрасынын профессору Ташполотов Ысламидин, доценти Садыков Эркинбай 50 мин сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.