Т.Рыспаев менен жолугушуу
2025-жыл 22- май күнү ЭТФ кафедрасында Германия Республикасында иштеген, т.и.д, профессор Талант Рыспаев менен кафедранын окутуучулук- профессордук курамы менен жолугушуу болуп, келечектеги биргелешкен илим изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөр болду. Математика, физика, техника жана информациялык технология институтунун директору, ф.-м.и.к., доцент Азимов Б.А дагы катышты. ошондой эле физик бакалавр жана магистр студенттер менен жолугушуп, Германияда окуунун жана иштөөнүн жол жоболорун түшүндүрүп берди.












