Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КӨЭАУ нун 30 жылдык мааракесине карата “Заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин ролу” аталышындагы эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга М. Калбекова жетектеген МФО-1-22 тайпасынын магистранттары Айбек кызы Надира, Эмилбек кызы Токтонай жана Ж. Макамбаева жетектеген МФО-1-23 тайпасынын магистранты Калмамат кызы Гүлүмкан катышып, докладдары угулду.

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде "Заманбап илимий жана инофациялык ишмердүүлүктө студенттердин орду жана ролу " аттуу II Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга МФО(м)-1-23 тайпасынын магистранты Абдылдабек кызы Айпери "Актуалные задачи физико-математических наук в условиях цифровизации" деген 1-секцияда өзөрүнүн докладдарын презентациялашып, дипломдор менен сыйланышты.
2024-жылдын 30-ноябры күнү "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу XI аймактык студенттик конференция болуп өттү. Математика, физика, информатика мугалимдерин даярдоодогу учурдагы тенденциялар аттуу секцияда жалпысынан 35 баяндама угулуп, 550200 физика-математика билим берүү багытынын физика багытынын МФО(м)-1-23 тайпасынын магистрантты Бакыт кызы Гулзина 1-даражадагы дипломго, МФО(м)-1-24 тайпасынын магистранты Абдикаим у.Султан 3-даражадагы дипломго ээ болушту.
2024-жылдын 23-ноябрь күнү ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан "Илимий күнүнө" арналган студенттик илимий конференция болуп өттү, Физика-математикалык билим берүү багытынын "Физика" профилинин бакалавр жана магистранттары катышып жалпысынан 24 баяндама угулду. Мыкты баяндама жасаган 1.2.3 даражадагы дипломдор жана активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты











