Илимий-методикалык иштер жана билим берүү технологиялары
Компьютердик илимдер кафедрасы - ОшМУ

Илимий-усулдук иш жана билим берүү технологиялары

Илимий-усулдук иш

Кафедранын мүчөлөрүнүн илимий-изилдөө жана усулдук иштеринин жыйынтыктары, кафедранын мүчөлөрүнүн ачык сабактары жана сабактарга өз ара катышууларын уюштурула турган кафедранын илимий-усулдук семинарында талкуулоо максаты коюлууда.

Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана кабыл алуу кафедрада 2002–жылдан бери практикаланып келе жаткан модулдук - рейтингдик системага ылайык ар түрдүү формада жүргүзүлөт.

Программалоо багытындагы предметтер боюнча өз алдынча иштер, модулдар - курстук долбоор, тест, коллоквиум ж.б. формаларда кабыл алуу ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.

Билимди көзөмөлдөө формалары

Кафедрада компьютердик илимдер багытындагы дисциплиналар боюнча модулдар - текшерүү иш, тест, коллоквиум, курстук долбоор жана жекече тапшырмалар түрүндө кабыл алынып, ар бир жарым жылдыктын аягында жыйынтыкталып, тиешелүү материалдар кафедрада сактоо маселеси пландаштырылды.

Инженердик адистиктерде компьютердик илимдер багытындагы дисциплиналар боюнча өз алдынча иштердин, курстук долбоорлордун жана модулдардын аткарылышын тиешелүү окутуучулар тарабынан системалуу көзөмөлдөө, консультациялар, кошумча сабактар өтүү жана кезметчилик убагында системалуу түрдө жекече жана топтук консультациялар берүү менен жүргүзүү пландалууда.

Окутуунун инновациялык технологиялары

Кафедранын окутуучулары: У.Д.Молдояров, Н. Беделова, А. Саданов, Р. Атырова, А. Ажибекова, Г. Сейитказыева, М. Токтосун кызы жана А. Сулаймановдор окутуунун жаңы инновациялык заманбап технологияларын окутуу процессинде кеңири колдонушуп келүүдө.

Программаланган окутуу
Комплекстүү окутуу
Компьютердик технологиялар
Баскычтуу окутуу
Критикалык ой жүгүртүү
Жазма методдор

Методдорду жайылтуу максатында ачык сабактар өтүлүп, сабактарга өз-ара катышуулар жүргүзүү жана кафедранын илимий-усулдук семинарында баяндамалар жасалып жатат.

Компьютердик илимдер кафедрасы

Студенттердин контингенти

Кафедранын студенттери жөнүндө статистика жана маалыматтар