Фотогалерея профориентационных мероприятий
Преподаватели кафедры «Автоматизированные системы и цифровые технологии» Института МФТИО Ошского государственного университета посетили школы, гимназии и лицеи городов и районов Ошской и Джалал-Абадской областей для проведения профессиональной ориентации на 2025-2026 учебный год.
В будущем преподавательский состав кафедры АССТ планирует увеличить количество подобных мероприятий, чтобы постоянно помогать молодым людям в выборе профессии.
График профориентационных встреч
АССТ Кафедрасы
Билим берүү программалары
Бакалавриат
- 710100. Информатика жана эсептөө техникасы • «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу» (ПОВТАС) • «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» (АСОИУ)
- 710400 Программалык инженерия • «Мобилдик системалар үчүн веб-технологиялар жана программалык камсыздоо» (ПИ)
- — Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия
Магистратура
- 710100. Информатика жана эсептөө техникасы
Магистратура программасына тапшыруу үчүн тиешелүү бакалавриатты аякташ керек.
PhD докторантура
- 710100. Компьютердик жана информациялык технологиялар
Эгерде силер күнү-түнү продукция өндүрүп, Интернетти багындыргыңар келсе, анда Ош МУнун ПОВТАС адистигине тапшыргыла!
Эгерде силер мекеме-ишканаларда башкарууну автоматташтыргыңар келсе, анда Ош МУнун АСОИУ адистигине тапшыргыла!
Кесипке багыттоо боюнча суроолор жана жооптор
Жооп: Ооба, боло алат. Кыздардан эң жакшы программист чыгат, анткени алар өтө сезимтал жана аракетчил келишет. Мисалы, дүйнөдөгү №1-программист Августа Ада Лавлейс болгон. Ал 1815-жылы 10 декабрда төрөлгөн жана улуу англис акыны Джордж Байрондун кызы болгон. Августа Ада Лавлейс Беббедждин аналитикалык машинасына программа түзгөн жана биринчи болуп "цикл" түшүнүгүн киргизген.
Жооп: Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан түшүмдү 1 жылда бир жолу гана алууга болот деген философия элдин аң-сезимине сиңип калган. Бүгүнкү күндө күчтүү инженер-программист аба-ырайынын жаанчыл же жер семирткичтердин таңкыс экендигине карабастан күндүзү деле, түнү деле убактысына карап программа түзүп, тигил же бул маселени чыгара ала турган программалардын пакетин түзө алат. Мына ушул программалардын пакети программист өндүргөн продукция болот, б.а. товар болот. Аны колдонсо да болот, пайда тапса да болот жана сатса да болот.
Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктердин контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги тести 105 баллдан жогору болуш керек, ал эми кошумча тесттин болушу талап кылынбайт. Эгерде кошумча тести болсо ал конкурста артыкчылыкка ээ болот.
Жооп: "ПОВТАС" адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, программист-аналитик, прикладдык-программист, системдик-администратор, инженер-электронщик, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, маалыматтар базасынын администратору, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн начальниги, эсептөө техникасын ремонттоо мастери, инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, информатика мугалими сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.
Жооп: "АСОИУ" адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, программист-аналитик, прикладдык-программист, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн начальниги, инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, маалыматтар базасынын администратору, өндүрүштү автоматташтырылган системалар менен башкаруу инженери, компьютердик системалардын аналитиги, компьютердик коммуникациялар боюнча аналитик, берилгендердин компьютердик банкынын аналитиги, информатика мугалими сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.
Жооп: Бүгүнкү күндөгү эң бир престиждүү жана эмгеги жогору бааланган кесиптердин бири болуп эсептелет. Биздин окуу программалары өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы жагдайларды жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда жана келечекте медицина тармагын жаңы информациялык технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул адистик Erasmus+KyrMedu проектисинин жардамында ачылып жаткандыктан, окутуу процессине Германия, Румыния, Хорватия сыяктуу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын белгилүү профессорлору катышат. Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү - медицина тармагында колдонулган заманбап аппараттарды башкарууну, медициналык информациялык системаларды түзүүнү, пландоону билишет жана саламаттыкты сактоо тармагындагы программалык камсыздоону түзүшөт.
