Компьютердик Борбор
Негизделиши (2009-жыл)
МИТ факультетинин Компьютердик борбору 2009 – жылы Ош МУнун ректорунун № 491 - буйругунун негизинде Компьютердик базаны жана информациялык технологиялар багытындагы окуу-усулдук, илимий иштерди борборлоштуруу үчүн окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиевдин демилгеси менен ачылган.
Демилгечи: ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиев.
Алгачкы жетекчилик
Алгач Компьютердик борбордун директору кызматына ф.-м. и. к. Арапбаев Русланбек Нурмаматович 2009-жылдын 3-августунда дайындалган жана компьютердик борборду негиздеп чыккан. Борборго МИТ факультетинин алдындагы информатика, программалоо, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС), математиканы жана информатиканы окутуунун усулу кафедраларынын карамагындагы баардык компьютердик класстар жана тейлөөчү окуу - көмөкчү кызматкерлери кирген.
Өнүгүү этабы (2011–2013)
2011 -жылдын 2-сентябрынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович дайындалып, ийгиликтүү иштеп келген. ОшМУнун башкы корпусунун аудиторияларына видео байкоо камералары орнотулуп, факультетте локалдык тармак жаңыдан тартылып оптоволокондук кабель менен туташтырылган, бир топ аудиториялар капиталдык ремонттон өтүп, окуу класстарына жалюзилер орнотулган.
Азыркы учур
Директор: Нуранов Б.Ш.
2013-жылдын 11-сентябрь айынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын ага окутуучусу Нуранов Бактыбек Шермаматович дайындалды. Азыркы мезгилде Компьютердик борбордо 15 заманбап компьютердик аудитория иштеп жатат. Мурунку МИТ факультети МФТИТ институту болуп өзгөртүлгөн. Борбордо учурда 8 адис эмгектенет. Жалпы 170тен ашык компьютер бар, алардын баары толугу менен интернет тармагына туташтырылган. Студенттер үчүн компьютердик борбордо Wi-Fi зымсыз интернетке туташуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн, азыркы учурда активдүү пайдаланылып келишет.
Компьютердик борбордун адистери тарабынан окуу процессине багытталган бир катар пайдалуу долбоорлор иштелип чыккан.











