МИТ факультетинин "АСОИУ", "ПОВТАС", "Саламаттыкты сактоодогу информатика" адистиктеринин 2-курстарынын студенттерин практикага жөнөтүү алдындагы конференция уюштурулду.
Жолугушууга ОшМУнун практикалар боюнча бөлүмүнүн башчысы Т. Матикеев, МИТ факультетинин деканы У. Сопуев, практика боюнча жооптуу А. Айтбай кызы, АССТ кафедрасынын башчысы У. Молдояров жана практика жетекчилери катышты.
Студенттерге практиканы өтөө тартиби жана талаптары боюнча толук багыт берилди.
Окуу планына ылайык, АС(б)-1-19, ПОВ(б)-1-19, ИЗ(б)-1-19 тайпаларына окуу-таанышуу практикасы
2021-жылдын 5-апрелинен 17-апрелине чейин жүргүзүлдү.











