Программалык инженерия
Практикалык иштер жана конференциялар - 710400 багыты
Компьютердик практиканын отчетун кабыл алуу конференциясы
710400 Программалык инженерия багытынын ПИ(б)-1-22 тайпасынын компьютердик практикасынын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү. Конференцияда студенттер практика жүргүзгөн иш жайларында алган тажрыйбаларын, иштеп чыккан долбоорлорун жана өздөштүргөн билимдерин жеткиришти.
Практика учурундагы иштери
Программалык инженерия багытынын 2-курс студенттеринин практикасы
710400 Программалык инженерия (кышкы кабыл алуу) багытынын 2-курсунун студенттери компьютердик практиканы иш жайларында өтүштү. Практиканын негизги максаты - теориялык билимдерди ишке ашыруу, программалык камсыздоо иштеп чыгуу процесстерин өздөштүрүү, командалык иштөө көндүмдөрүн жеткилдүү деңгээлде өнүктүрүү болду.
Компьютердик практикага жөнөтүү жана инструктаж конференциясы
2024-жылдын 20-ноябрь күнү 710400 Программалык инженерия багытынын (кышкы кабыл алуу) ПИ(б)-1-22(w) тайпасынын студенттерин компьютердик практикага жөнөтүү, инструктаж берүү конференциясы өткөрүлдү.
Кафедрадагы практика боюнча жооптуу окутуучу Н.Н. Илиязова студенттерди практикага жөнөтүү алдында коопсуздук эрежелери менен жобо менен таныштырды, практиканын максаттарын, милдеттерин жана талаптарын түшүндүрдү.











