2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде МФТИТ институтунун студенттери үчүн өндүрүштүк практика боюнча отчетторду кабыл алуу конференциясы болуп өттү Конференцияга Программалык инженерия багытынын 3-курс студенттери катышып, өндүрүштүк практика учурунда аткарган иштерин жана алган тажрыйбаларын көрсөтүштү. Комиссия курамы: Төрага — Оморалиев А.Ч. Мүчөлөрү — Сулайманов А., Сейитказиева Г., Арстанбеков А., Орунбаева М. Конференциянын жүрүшүндө студенттердин күндөлүктөрү жана отчеттору текшерилип, алардын практикалык даярдыгы бааланды. Ар бир студент өзүнүн билим деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн көрсөтө алды.
2026-жылдын 3-апрелинде ОшМУнун МФТИТ институтунун 328-аудиториясында күндүзгү окуу бөлүмүнүн 2-курс студенттери үчүн өндүрүштүк практикага даярдык максатында «Студенттин коопсуздугу боюнча техникалык эрежелер менен таанышуу жана инструктаж берүү» аттуу конференция өткөрүлдү. Иш-чарага 710100 ИЭТ багытындагы «АС(б) 1-24», «АС(б) 2-24р» жана «ПОВ(б) 1-24» тайпасынын студенттери катышышты. АССТ кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент А. Ж. Кудуев практика учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо, өзүн алып жүрүү тартиби жана жоопкерчилик тууралуу кенен маалымат берди. Ошондой эле, ал алдыдагы практиканын негизги этаптары жана талаптары боюнча студенттерге керектүү түшүндүрмөлөрдү берди. Иш-чарага кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучулары, кураторлор жана практика жетекчилери да катышышты.
2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде МФТИТ институтунун студенттери үчүн өндүрүштүк практика боюнча отчетторду кабыл алуу конференциясы болуп өттү Конференцияга710100 ИЭТ багытынын 3-курс студенттери катышып, өндүрүштүк практика учурунда аткарган иштерин жана алган тажрыйбаларын көрсөтүштү. Комиссия курамы: Төрага — Чамашев М. К. Мүчөлөрү — Атырова Р. С., Адилбекова Н. А., Талипов А. Т., Орунбаева М. Р. Конференциянын жүрүшүндө студенттердин күндөлүктөрү жана отчеттору текшерилип, алардын практикалык даярдыгы бааланды. Ар бир студент өзүнүн билим деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн көрсөтө алды.
2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде МФТИТ институтунун студенттери үчүн өндүрүштүк практика боюнча отчетторду кабыл алуу конференциясы болуп өттү Конференцияга710100 ИЭТ багытынын АСОИУ профилинин 4-курс студенттери катышып, өндүрүштүк практика учурунда аткарган иштерин жана алган тажрыйбаларын көрсөтүштү. АС(б)-1-22 тайпасына комиссия курамы: Төрага — Ажибекова А. И. Мүчөлөрү — Сейитказиева Г.И., Адилбекова Н. А., Пазилиддин к. У. ПИ(б)-2-22 тайпасына комиссия курамы: Төрага —Саданов А. Д. Мүчөлөрү — Ойчуева Р. Р., Арстанбеков А. К., Талипов А. Т., Баястан у. Б. Конференциянын жүрүшүндө студенттердин күндөлүктөрү жана отчеттору текшерилип, алардын практикалык даярдыгы бааланды. Ар бир студент өзүнүн билим деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн көрсөтө алды.
Программалык инженерия
Практикалык иштер жана конференциялар - 710400 багыты
Компьютердик практиканын отчетун кабыл алуу конференциясы
710400 Программалык инженерия багытынын ПИ(б)-1-22 тайпасынын компьютердик практикасынын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү. Конференцияда студенттер практика жүргүзгөн иш жайларында алган тажрыйбаларын, иштеп чыккан долбоорлорун жана өздөштүргөн билимдерин жеткиришти.
Практика учурундагы иштери
Программалык инженерия багытынын 2-курс студенттеринин практикасы
710400 Программалык инженерия (кышкы кабыл алуу) багытынын 2-курсунун студенттери компьютердик практиканы иш жайларында өтүштү. Практиканын негизги максаты - теориялык билимдерди ишке ашыруу, программалык камсыздоо иштеп чыгуу процесстерин өздөштүрүү, командалык иштөө көндүмдөрүн жеткилдүү деңгээлде өнүктүрүү болду.
Компьютердик практикага жөнөтүү жана инструктаж конференциясы
2024-жылдын 20-ноябрь күнү 710400 Программалык инженерия багытынын (кышкы кабыл алуу) ПИ(б)-1-22(w) тайпасынын студенттерин компьютердик практикага жөнөтүү, инструктаж берүү конференциясы өткөрүлдү.
Кафедрадагы практика боюнча жооптуу окутуучу Н.Н. Илиязова студенттерди практикага жөнөтүү алдында коопсуздук эрежелери менен жобо менен таныштырды, практиканын максаттарын, милдеттерин жана талаптарын түшүндүрдү.











