Конференция, семинар, конок лекция
2025-жылдын 29-ноябрында «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Конференцияга Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынан 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын «физика» профилинин магистранттары жана студенттери катышып, мыкты баяндама жасашып байгелуу орундарга ээ болушту.
Катышуучулар:

                        


2025-жылдын 6-ноябрь күнү ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын “Илимий иштерге” жооптуу кызматкерлери п.и.к., доцент М. Жуманова жана окутуучу Ж. Молдоярова тарабынан “Илим” күнүнө карата “Физикалык билим берүүдөгү илимий изденүүлөр жана жаңычыл ыкмалар” аттуу студенттик илимий конференция уюштурулуп өткөрүлдү, мында 550200 физика-математикалык билим берүү багытынын “физика” профилинин магистратура жана бакалавр бөлүмүнүн студенттери катышып жалпысынан 26 доклад катталды жана магистратура, 16 бакалавр 10 студент болуп бөлүнүп 2 секцияда баяндамалар угулуп талкууланды. Секциялык иштердин протоколу тиркелет
Программа илим күнүнө
протоколу



Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу       

2024-жылдын 30-май күнү саат 14:30 да 209 аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында физика адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр, Кувейт университетинин физика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Дөөлөтбай Бабаев жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси, п.и.к., доцент Бибисара Мурзуибраимова менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда физиканы окутуунун көйгөйлөрү, сааттарды көбөйтүүнүн жолдору талкууланып, студенттер кызыктырчу суроолоруна жооп алышты.
                        


 ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан Улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан «Азыркы физиканын атасы – Исаак Ньютон» аттуу студенттик илимий конференция болуп өттү, мында 550200- физика-математикалык билим берүү багытынын “физика” профилинин 1-курсу толук жана 2-3-4-курстун студенттери тарабынан даярдалган физика боюнча тажрыйбалар, макеттер, баяндамалар угулуп, талкууланды, конференцияга Институттун директору Б. Азимов, орун басарлары Т. Матисаков, Д. Пакалбай уулу катышып, мыкты баяндама, макет, тажрыйбаларга кызыктыруучу сертификат, дипломдор ыйгарылды.
Студенттик илимий конференциянын программасы