"Физика жаңырыгы" аттуу студенттик илимий-методикалык ийримдин 2025-2026-окуу жылы үчүн иш планы550200 "Физика-математикалык билим берүү багытындагы "Физика" профилинде окуган 3-курс ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан кафедранын окутуучусу доцент М.Жуманованын жетекчилиги астында сентябрь - октябрь айлары үчүн дубал гезити чыгарылды
«Камертон» ийримине катышкан студенттер ар жуманын экинчи жана төртүнчө күндөрү келип сабактарга демонстрацияларды жасашат.

"Физика жаңырыгы" ийрими
550200 "Физика-математикалык билим берүү багытындагы "Физика" профилинде окуган 1-курс ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан кафедранын окутуучусу доцент М.Жуманованын жетекчилиги астында март-апрель айлары үчүн дубал гезити чыгарылды
Студенттер арасында өткөрүлгөн "Кыргызстандын мыкты студенти - 2023" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү, Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетиниин студенттери Апсаматова Тумариза жана Кубатбек кызы Уулкан дипломдор менен сыйланышты.

2024-жылдын 22-апрель күнү Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда ОшМУнун 85 жылдыгына арналган "Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуулугу жана физика, математика, информатика мугалимлерин даярдоодогу акыркы тенденциялар" аталышындагы илим жумалыгында А. Эгемназарованын жетекчилиги астында мыкты баяндама жасап 2-орунду ээлегендиги үчүн ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенти Апсаматова Тумариза 2-даражадагы диплом менен сыйланды.

2024-жылдын 27-май күнү 550200 "Физика-математикалык билим берүү" багытындагы "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын студенттери квалификациялык жумуштарын алдын ала коргоо учурунда.

2024-жылдын 13-14-июнь күндөрү Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын 550200 физика - математикалык билим берүү багытынын "физика" профилинде окуган ФЕ(б)-1-20 тайпасынын 4-курсунун студенттери мамлекеттик аттестациялык экзамендерин жана квалификациялык жумуштарын ийгиликтүү коргошуп, бакалавр даражасына ээ болушту.
16-декабрь Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун (МФТИТИ) Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан англиялык улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнө карата "Азыркы физиканын атасы - Исаак Ньютон" аттуу студенттик илимий конференция өткөрүлгөн.Бул иш-чара доцент Жуманова М.М тарабынан демилгеленип, ОшМУнун "Нур" гезитине жарык көрдү.
Студенттик олимпиада
2024-жылдын 20-апрелинде Ош технологиялык университетинде ХI аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул Олимпиадага 550200 Физика-математикалык билим берүү "Физика" профилинде окуган студенттер катышып, төмөнкү дисциплиналар боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. физика (профиль) ФЕ(б)-1-21 тайпасынын студенттери: 2-орун Абдилла кызы Орозгүл 3-орун Сабирова Самара багыныдырышты. Кыргыз тили жана адабияты (улантуучу) ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдиламитова Акылай 1-орунду ээледи.











