Академиялык мобилдүүлүк
2024-жылдын 23-24-декабрь күндөрү ИСП кафедрасынын башчысы А.М. Токторбаев жана окутуучулар В. Маматова, Б. Бейшеналы уулу Мухаммад ал-Хоразмий атындагы Ташкент информациялык технологиялар университетинин Фергана шаарындагы филиалына академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында конок лектор болуп барып келишти.

2024-жылдын 24-26-октябрь күндөрү Ташкент шаарында "Неклассические уравнения математической физики и их приложения" аталышындагы эл аралык конференцияга профессордук-окутуулук курамдан доценттер А.М. Токторбаев, А.З. Пирматов, Н.А. Абдирайимова жана окутуучу З.Ж. Мурзакматова катышып, илимий баяндамаларды жасашты.

2024-жылдын 5-октябрында Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда “Илимдин жана билим берүүнүн инновациялык өнүгүүсү: жаңы мамиле жана изилдөө” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияга өздөрүнүн илимий макалалары менен катышкан эл аралык жана жергиликтүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр актуалдуу темалар боюнча тажрыйба алмашышты. Илимий-практикалык конференциянын соңунда тармактагы изилдөөлөрдү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча пайдалуу сунуштар айтылды. Бул иш чарага ИСП кафедрасын доценти Токторбаев Айбек катышып келди.

2025-жылдын 8-февраль күнү АССТ кафедрасынын окутуучулары Дарбанов Элистан, Арстанбеков Амантур Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып конок лекция өтүп келишти. Конок лекцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышты. Бул иш сапардын максаты - эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу болуп эсептелет

2024-жылдын 14-ноябрында Борбор Азия эл аралык медициналык университетинде «БАЭМУ-илимдин ачкычы», «Илим, билим берүү, технология жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү инновациялар» VII эл аралык илимий-практикалык конференцияга КМИГД кафедрасынын доценти А.З. Пирматов катышып келди.

2024-жылдын 8-13-декабрь күндөрү ОшМУнун МФТИТ институтунун директору жана IT тармагындагы кафедра башчылары , анын ичинде АССТ кафедрасынын башчысы, доцент А.Ж.Кудуев, ИСП кафедрасынын башчысы, доцент А.М. Токторбаев Синьцзян педагогикалык университетинде тажрыйба алмашуу максатындагы иш сапарында жүрүп келишти. Иш сапар учурунда ОшМУ тарабынан ар бир окутуучуга коюлган KPI дын алыскы чет өлкөгө проекттин же өз каражатынын эсебинен чыгуу пункту, кызматкерлерге дем берип, аны аткаруу менен бирге жогорку тажрыйба алмашышты.