Мектеп жылдары мен үчүн тынчтык, тартип жана ички калыптануунун өзгөчө мезгили болду. Бул убакытта мен сабырдуулукка, жоопкерчиликке жана өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөндүм. Билим аркылуу дүйнөнү таанып-билүүгө болгон кызыгуум күндөн-күнгө артып, жашоого болгон көз карашым тереңдей баштады.
Учурда Ош мамлекеттик университетинде, МФТИТ институтунда, математика мугалими багыты боюнча билим алып жатам. Бул жолду тандап алуум — өзүмдү таанып-билүүгө, мүмкүнчүлүктөрүмдү ачууга жана ички потенциалымды өнүктүрүүгө болгон умтулуум менен байланыштуу.
Менин негизги хоббилерим — тил үйрөнүү, китеп окуу жана токуу. Бош убактымды пайдалуу өткөрүп, көбүнчө өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө жумшайм.
Келечекте өзүмдү дайыма изденүүдө жүргөн, өзгөрүүгө даяр, руханий жактан бай, ой жүгүртүүсү эркин инсан катары көргүм келет.
Искендерова Нурила Сталбековна
Академиялык профиль
Жеке маалымат
Мен, Искендерова Нурила Сталбековна, 2008-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылында туулгам.
2015-жылы 1-класска барып, мектептик билим алууну баштадым.
Жетишкендиктер
2024-жылы математика сабагы боюнча олимпиаданын базалык турунда жогорку жыйынтык көрсөттүм.
Билим алуу
2025-жылы мектепти аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырдым.
Максатым — сапаттуу билим алып, келечекте өз тармагымда мыкты адис болуу.
Жумабаева Айназик Нурмухамедовна
Академиялык профиль
Жеке маалымат
Мен, Жумабаева Айназик Нурмухамедовна, 2009-жылы 2-январда Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулгам.
2014-жылы Тажибай атындагы жалпы билим берүү мектебине окууга кабыл алынып, 2025-жылы кызыл аттестат менен ийгиликтүү аяктадым.
ОРТ жыйынтыгы: 184 балл.
Жетишкендиктер
- 2024–2025 — олимпиада I орун
- 2023–2024 — математика олимпиада I орун
- 2019–2020 — математика олимпиада катышуучу
- 2021–2022 — үлгүлүү окуучу
- 2022–2023 — үлгүлүү окуучу
- 2023–2024 — үлгүлүү окуучу
Максатым — жогорку билим алып, келечекте өз тармагымда мыкты адис болуу.
Маматбек кызы Мадина
Жеке академиялык профильЖалпы маалымат
Мен, Маматбек кызы Мадина, 2007-жылы 13-августта жарык дүйнөгө келгем.
2014-жылы Сагындык атындагы орто мектебине кабыл алынып, 2025-жылы бул билим уясын ийгиликтүү аяктадым.
Мектептеги активдүүлүк
Мектеп жылдарында билим алууга гана эмес, коомдук иштерге жана чыгармачылыкка активдүү катышып келдим.
«Музей активисттери», «Таң булбулу» жана комуз ийримдерине катышып, маданий жана руханий баалуулуктарды тереңирээк өздөштүрдүм.
Хоббилер
Бош убактымды чыгармачылыкка арнап, ойлорумду ыр аркылуу жеткиргенди жактырам.
Спорт
Волейбол ойноону жактырам. Бул мага тартипти, жоопкерчиликти жана биримдикти үйрөттү.
Келечекте мугалим болууну максат кылам. Жаш муунга сапаттуу билим берип, алардын инсан болуп калыптанышына салым кошкум келет.











