Ферганага иш сапар.
ФерМУнун чакыруусу менен ОшМУнун ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев, улук окутуучусу ф.-м.и.к А. Орозбаева жана кафедранын профессору А. Ы. Курбаналиев ушул жылдын 13- 15- февраль күндөрү иш сапар менен барып келишти. ФерМУнун физика кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д.проф. Анаркулов Каримберди жана Расулов Рустам менен конденсацияланган заттардын физикасы боюнча PhD докторанттарды биргеликте даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Ошондой эле бакалавр адистигинин мобилдүүлүгүн да ишке ашыруу, жатакана маселелерин да сүйлөштүк.











