Кафедранын дисциплиналары боюнча сабактар Компьютердик борбордун атайын жабдылган класстарында өткөрүлөт. Кафедра ушул компьютердик класстардын 302, 303, 312, 305-аудиторияларынын жасалгаларын көзөмөлгө алат. Кафедрада 200 дөн ашык CD, DVD дисктерге жазылган электрондук окуу китептери жана колдонмолор, окутуучу программалар жана прикладдык программалар пакеттери бар жана аларды окутуучулар жана студенттер кеңири колдонушууда.
ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) ички Интранет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).