2025-2026 окуу жылы
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов менен жолугушуу


С.М. Киров мектебинин абитуриенттерине экскурсия


12-декабрь күнү улуу жазуучу **Чыңгыз Айтматов**дун чыгармачылыгына арналган «Айтматов – Аалам жазуучусу» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы жана анын чыгармаларындагы жалпыадамзаттык баалуулуктар тууралуу кеңири сөз болду. Катышуучулар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, ой-пикирлерин бөлүшүштү.


3-декабрь кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, медицина факультетинин мугалимдери жана студенттери арасында акция уюштурулуп, Студенттик кеңеши жана Акыйкатчы аппараты жамааты балдарга өнүп өсүшү үчүн керектелүүчү кеңсе буюмдарын алып, атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборуна тапшырып келишти.


Жаштар СПИДке каршы


Медицина факультетинде Күз периси болуп өттү


28 ноября, в Ошском государственном университете состоялась торжественная церемония вручения стипендии имени заслуженного работника образования Кыргызстана, доктора филологических наук, профессора Каныбека Исакова. В церемонии приняли участие профессорско-преподавательский состав университета во главе с ректором Кудайберди Кожобековым, семья Каныбека Исакова, близкие соратники, коллеги и студенты. Кудайберди Кожобеков отметил, что Каныбек Исаков был одним из его наставников, и сказал, что ценные советы и видение таких наставников будут способствовать его деятельности в сфере образования, научных исследований и руководящей работы. Он поздравил студентов, получивших стипендию, и призвал их добиваться успехов и становиться специалистами, вносящими вклад в развитие кыргызского народа. Приём документов проходил в два этапа: первый этап – в институте, на факультете, в колледжах, второй – на университетской комиссии. По итогам конкурса каждому из десяти лучших студентов была вручена единовременная премия имени Каныбека Исакова. Размер стипендии составляет 10 тысяч сомов. Среди них, студенты медицинского факультета Сейтекова Айсель (Пр-3-22) и Усенова Нарсулуу (Пр-15-23) стали обладателями данной стипендии.


Атуулдук стипендия


Студенттерди кабыл алуу аземи


Купуев П.А. академиясынын абитуриенттерине экскурсия


Ош Мамлекеттик Университетинин 1-курс студенттеринин Спартакиадасы – 2025 Медицина факультети жалпы жыйынтык боюнча IV орунду ээледи!


2025-жылдын 1-октябрында ОшМУнун Медицина факультетинде жарандык коопсуздук жана коопсуздуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага төмөнкү кызматкерлер катышып, студенттерге кеңири маалымат беришти: ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович, ОшМУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек, ОшМУнун психология программасынын жетекчиси, п.и.д., профессор Жолдошева Акчач Олмасовна, Мурзаканов Элдияр Абдиманапович, Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо МБнын №2 ШМБнын башчысы, Ст. ИДН Камалова Райхан, Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо МБнын №2 ШМБнын БИИНинин улук инспекторлору, ЭММКАК ыкчам өкүлү Алимбеков Эмир, Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо МБнын ыкчам өкүлү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, керектүү жоопторду алышты. Медицина факультетинин атынан убакытын бөлүп келип, пайдалуу маалымат берген жогорудагы кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!


Карылар күнү — улуу муундун эмгегин, тажрыйбасын жана коомдогу ордун баалоо максатында белгиленген маанилүү майрам. Бул күн жыл сайын 1-октябрда белгиленип, карыларга урмат-сый көрсөтүү, аларга кам көрүү жана жылуу сөздөрдү айтуу менен коштолот. Карылар — жашоонун акылмандыгын, сабырдуулукту жана тарбияны муундан муунга өткөрүп келген баалуу адамдар. Ошондуктан Карылар күнүндө аларга көңүл буруп, ыраазычылык билдирүү ар бирибиздин милдетибиз.


23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Медицина факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара майрамдык маанайда өттү. Студенттер менен окутуучулар кыргыз тилинин кооздугун ырлар, көркөм окуулар жана сахналык чыгармалар аркылуу даңазалашты. Бул күн улуттук тилге болгон сыймыкты жана сүйүүнү дагы бир жолу эскертип, факультетте өзгөчө жылуу маанай жаратты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга грамоталар тапшырылды


1-сентябрда биринчи курстун студенттери үчүн салтанаттуу линейка өткөрүлүп, анда алар окуу жайдын жетекчилиги менен таанышышты. Ошол эле күнү декан сөз сүйлөп, студенттерге ийгиликтерди каалады. 2-сентябрда биринчи курстун студенттери өздөрүнүн кураторлору менен таанышып, окуу процессине байланыштуу маанилүү маалыматтарды алышты. 3-сентябрда студенттерге лекциялык аудиториялар, ошондой эле китепкана көрсөтүлүп, анын иш тартиби менен тааныштырылды. 4-сентябрда медицина факультети толугу менен кыдырылып, кафедралар менен таанышуу жүргүзүлүп, ар бир кафедранын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.


Ички иштер башкармалыгы менен студенттер арасында жолугушуу