Кызыкдар тараптар университеттин компонентинин төмөнкү дисциплиналарын сунушташты:
1) Билим берүүнү санариптештирүү;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү МБМСин жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу;
3) математикалык билим берүүдөгү изилдөөлөрдүн негиздери;
4) Билим берүүдөгү компьютердик технологиялар.
2021-жылдын 20-декабрында саат 14:00до алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Г. Матиеванын жетекчилиги алдында кафедранын “Чыгармачыл өнөрканасынын” мүчөлөрүнө жана 510100 “Математика” магистрдик программасынын магистранттарына “Системалык ой жүгүртүү жана Блумдун таксономиясы” аттуу мастер-класс болуп өттү.
Система – бул анын бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында, бүтүндөй жашоону жана бүтүндөй функцияны колдой турган субъект. Эмне үчүн системалык ой жүгүртүү маанилүү? Деген сыяктуу суроонун тегерегинде катышуучулар чакан топтордо иштеп, презентациялар даярдашты.
Мастер-класска кафедранын мүчөлөрү, магистранттра, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр катышты.
28-30-января, 2020 года доценты Артыкова Ж.А и Папиева Т.М. провели семинар-тренинг по многоязычному образованию “Интегрированное обучение предмету и языку”, в котором приняли участие преподаватели факультетов МИТ, педагогики и физической культуры, естествознания и географии
ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын 2019-жылдын
15-ноябрь күнү “Математика” магистрдик багытынын иш берүүчүлөрү, бүтүрүүчүлөрү жана магистрлери менен болуп өткөн тегерек стол
Жолугушуунун максаты:
- иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистрлерди ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги окуу – тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу (ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдору, иш-чаралар ж.б);
-“510100 - Физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика” (“Математика” магистрдик багытынын) программасынын НББПсын талкуулоо, сунуштарды кийирүү.
Алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Матиева Г. ачылышын жарыялагандан кийин, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, доцент Папиева Т.М. “510100 Физика-математикалык билим берүү” (“Математика” магистрдик багытынын) программасынын негизги билим берүү программасы (НББП) анын ичинде максаты, күтүлүүчү натыйжалар, практикалар, окутулуп жаткан сабактар, элективдүү курстар жөнүндө иш берүүчүлөргө, бүтүрүүчүлөргө жана магистранттарга кеңири маалымат берди.
Иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар топторго бөлүнүшүп төмөндөгүдөй тапшырма берилди:
Иш берүүчүлөрдүн тобуна тапшырма
а) Сиздерде иштеп жаткан биздин бүтүрүүчүлөрдүн байкалган кемчилдиктерди жана жетишкендиктерди айтып берсеңиздер;
б) Ал кемчилидиктерди жоюш үчүн же алар ошондой кемчилдиктерди кетирбестиги үчүн, сиздин оюңузча, окутуу процессинде эмнелерге көңүл буруу керек эле?
Бүтүрүүчүлөр тобуна тапшырма
а) Иштөө процессинде кандай кыйынчылыктарга дуушар болуудасыңар?
б) Эгер азыр магистратурада окуп жаткан болсоңор эмнелерге өзгөчө көңүл бөлөт элеңер?
в) Окутуу процессине байланыштуу кандай сунуштарыңар бар?
Магистранттар тобуна тапшырма
а) Болочок иш процессинде ийгиликтүү болуш үчүн бүгүн өзүңөр кандай аракеттенип жатасынар?
б) Учурда кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктарга дуушар болуудасыңар?
в) Ушул тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүү үчүн эмне кылуу керек:
1) магистранттар
2) ЖОЖдун кызматкерлери
Топ ичинде өз ара талкуудан кийин презентациялар жасалып, төмөндөгүдөй сунуштар менен коштолду.
Бүтүрүүчүлөр тобу:
– Магистранттарга аралыктан окуу мүмкүнчүлүгү берилсе;
– Видео-сабактар сайтка жүктөлсө;
Иш берүүчүлөр тобу:
– Практика учурунда магистранттарга план-конспект, календардык план, сабактын иштелмелерин жазууну үйрөтүү;
– Педагогикалык практиканын ишин жандандыруу;
– Мектеп менен ЖОЖдун байланышын күчөтүү;
Жолугушуунун акырында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистрлер ыраазычылыгын билдиришип, алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Матиева Г. сөз сүйлөп жыйынтыктады.











