ЦЕНТР ЖӨНҮНДӨ

Аба булгануусун изилдөө боюнча ведомстволор аралык илимий-изилдөө борбору (IRCAPS) Ош мамлекеттик университетинин базасында Япониянын эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан SATREPS эл аралык илимий долбоорунун алкагында түзүлгөн.

IRCAPS борборунун негизги максаты — Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын булгануусун илимий негизде баалоо системасын өнүктүрүү. Борбордун ишмердүүлүгү спутниктик маалыматтарды, жер үстүндөгү өлчөөлөрдү, регионалдык химиялык-транспорттук моделдөөнү жана абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин изилдөөнү камтыйт.

IRCAPS экология, коомдук саламаттык сактоо жана туруктуу өнүгүү тармактарында междисциплинардык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ар түрдүү илимий жана билим берүү мекемелеринин изилдөөчүлөрүн бириктирет. Ошондой эле борбор жаш окумуштууларды, аспиранттарды жана адистерди даярдоого, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган.