2024-жылдын 15-февралында Ош мамлекеттик университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Студенттердин компетенцияларын практикада калыптандыруу» деген темада тегерек стол болуп өттү. Семинарга бизнестин ар кыл тармактарынын өкүлдөрү катышып, «Информатика жана эсептөө техникасы», «Программалык инженерия» жана «Медициналык информатика жана биомедициналык инженерия» адистиктери боюнча практиканын түрлөрү, расписаниеси жана курстары, окуу жана жумушчу пландары менен таанышышты. Дискуссиянын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, эмгек рыногунда талап кылынган дисциплиналарды окутуу боюнча сунуштарын беришти. Иш-чаранын алкагында бизнестин айрым тармактары менен келишимдерге кол коюлуп, мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө негиз болгон меморандум кабыл алынды.
2024-жылдын 15-февралында ОшМУнун МТФсында өттү"Иш берүүчүлөр аркылуу практикада кесиптик компетенцияларды
калыптандыруу" семинарынын резолюциясы
Иш берүүчүлөр менен жолугушуу
2026-жылдын 4-февралында Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен «Университет жана эмгек рыногу» деген темада жолугушуу болуп өттү. Семинарга ар кыл ишканалардын өкүлдөрү катышып, аларга институттун жалпы адистиктери, анын ичинде «Информатика жана эсептөө техникасы» адистиги боюнча билим берүү стандарттары, ошондой эле иш берүүчүлөр менен иштешүү жана ишканалардан вакансияларды туура издөө боюнча маалыматтар берилди.
Институт тарабынан берилген маалыматтардын негизинде иш берүүчүлөр өз ойлору менен бөлүшүп, технологиялардын тез өнүгүүсүнүн алкагында эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча окутуу боюнча сунуштарын киргизишти. Иш-чара тараптардын сунуштарын эске алуу менен өткөрүлүп, мындан ары да кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды.


















