«Университет жана эмгек рыногу»
4-февраль, 2026-жыл · ОшМУ2026-жылдын 4-февралында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда «Университет жана эмгек рыногу» аттуу иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.
Семинарга ар тараптуу ишканалардан жумуш берүүчүлөр катышып, институттагы адистиктер боюнча билим берүүнүн стандарттары, анын ичинде «Информатика жана эсептөө техникасы» адистиги боюнча маалымат берилди.
Талкуу учурунда эмгек рыногунун талаптарына ылайык дисциплиналарды заманбап технологиялар менен окутуу маселелери көтөрүлүп, тараптар мындан ары кызматташуу боюнча резолюция кабыл алышты.


















