Жаңылыктар

2025-2026-окуу жылы
“Профориентациялык иш-чаралар Ош шаарында"

“Профориентациялык иш-чаралар Ош шаарында"

2025-2026 окуу жылынын 12-май кунү Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары ф.-м.и.к.,доцент Сатаров А.Э., Жалалова К.К., Сапарбек кызы Г. мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча профориентациялык иш сапарларында Ош шаарындагы бир катар мектептерде болуп, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Профориентациялык иш-чаранын негизги максаты — жаштарды туура кесип тандоого багыт берүү, маалыматтык технологиялар тармагына кызыгуусун арттыруу жана келечектеги адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.


“Профориентациялык иш-чаралар Өзгөн районунда"

“Профориентациялык иш-чаралар Өзгөн районунда"

2025-2026 окуу жылынын 30-апрель кунү Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча профориентациялык иш сапарларында Өзгөн районундагы, ошондой эле Ош шаарындагы бир катар мектептерде болуп, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Профориентациялык иш-чаранын негизги максаты — жаштарды туура кесип тандоого багыт берүү, маалыматтык технологиялар тармагына кызыгуусун арттыруу жана келечектеги адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.


“Профориентациялык иш-чаралар Ноокат районунда"

“Профориентациялык иш-чаралар Ноокат районунда"

Профориентациялык иш-чаранын алкагында техникалык дисциплиналар циклынын окутуучулары Ноокат районундагы бир нече мектептерге барып келишти. Окуучуларга жана мугалимдерге окуу жай, адистиктер жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор айтылды. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, окуучулар активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо туура багыт берүү жана келечекке болгон ишенимин арттыруу.


«Next Generation Hub» борборуна студенттер менен саякат

«Next Generation Hub» борборуна студенттер менен саякат

«Next Generation Hub» борборуна студенттер менен саякат 2025-2026-окуу жылынын 16-17-апрель күндөрү STEM инновациялык колледжинин ТОСВТиКС жана АСОИУ адистигинде билим алып жаткан студенттери «Next Generation Hub» борборуна информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары Б.Т. Жусуева, С.А. Монуевалардын коштоосунда экскурсия сабагына барышты. Аталган борбордогу роботтор жана алардын иштөөсү студенттерди кызыктырып, суроолор узатышып кеңири маалымат алышты.


25.02.2026-жылы ата-энелер жыйыны болуп өттү.

25.02.2026-жылы ата-энелер жыйыны болуп өттү.

2026-жылдын 25-февралында STEM инновациялык колледжинин Маалыматтык технологиялар бөлүмүндө “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” адистигинин ата-энелери үчүн жыйын уюштурулду. Жыйындын негизги максаты — студенттердин окуу жетишкендиктери, тартип маселелери, өндүрүштүк практиканын жүрүшү жана алдыдагы пландар тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берүү болду. Жыйында бөлүм башчы, ф-м.и.к., доцент А.Э. Сатаров сөз сүйлөп, адистиктин өзгөчөлүктөрү, заманбап техникалык базасы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана STEM инновациялык колледжинин миссиясы, стратегиялык өнүгүү планы, НКББП, аккредитациялык агенттиктин тиешелүү сунуштамаларынын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ОшМУнун өзүндө иштелип чыгып колдонулуп жаткан MyEDU платформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана студенттердин сабакка катышуусу, билим сапаты, тартип маселелери боюнча токтолду. Андан соң Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н. Маликова окуу процессинин уюштурулушу, баалоо системасы жана окуу-усулдук иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө кеңири баяндама жасап, аягында ата-энелердин сунуш- пикирлерин аныктоо максатында сурамжылоо (анкета) алынды. Андан сырткары ар бир куратор студенттердин жеке жетишкендиктери, коомдук иштерге катышуусу жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Жыйын суроо-жооп формасында улантылып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, ата-энелер колледж менен кызматташууну мындан ары да бекемдөө ниетин билдиришти.


Экскурсия-сабак

Экскурсия-сабак

Экскурсия сабагы Тайпалар: ТОСВТ9-2-24, ТОСВТ9-1-24. Окутуучулар: Сапарбек кызы Г., Шарабидинова А.Э. Окуу программасына ылайык өткөрүлгөн экскурсия сабагы студенттер үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду. Теориялык билимдер практикалык шартта бекемделип, студенттер мекеменин иш процесси жана технологиялары менен таанышышты. Сабак кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана адистикке болгон кызыгууну арттырууга чоң өбөлгө түздү


Студент менен театрга:"Премерьералар жумалыгы"

STEM колледжинде сынак!

ТОСВТ9-1-23 (р), ТОСВТ9-1-25 тайпалары куратордук сабакта С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 2026-жылдын 18-февралында болгон "Кош дегим келбейт" аттуу драмасын көрүп келишти. Кураторлор: Шарабидинова А. Э, Сапарбек кызы Г.


2025-2026-окуу жылынын 18-декабрында ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн окутуучулары Жусуева Бурулкан , Ажиева Элиза, Монуева Суйумкан “Медицинадагы санариптик технологиялар” аттуу СӨАИ ни кабыл алуу иш-чара өткөрүштү. Анда ОшМУнун медициналык колледжинин Медициналык айым иши, Лаборатордук дартты аныктоо, Профилактикалык стоматология, Дарылоо иши адистиктеринин студенттери өз алдынча иштерин коргошту. Иш чарага медициналык колледжинин методикалык кеңештин төрайымы Арзиева Азиза, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Исманилева Жылдыз, клиникалык адистикер бөлүмүнүн башчысы Ташиев Руслан катышып студенттердин өз алдынча иштерин тапшырууда заманбап тиркемелер жана оюндар менен коштолгонуна жогорку баа берип өтүштү.


ОшМУнун STEM инновациялык колледжи тарабынан уюштурулган “Кыз адеби кымбат” деген теманын алкагында сынакта колледждеги тайпалар арасында ТОСВТ9-1-25 тайпасы II орунду камсыздады. Куратору: Шарабидинова А.Э.