06.02.2026-жылы Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасында педагогикалык илимдин жана билим берүү технологияларынын абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү биримдиги» аттуу конференцияга Жогорку математика жана инновациялык технологиялар кафедрасынын доценттери Зулпукарова Д.И. жана Жакыпбекова А.Т. катышып келишти.
2023-жыл. Андижан университети. Эл аралык конференция. Буткул дуйнолук экологиялык проблемалар
2023-жыл август. Талас унивеситети. Бекбоевдик окуулар. Эл аралык конференция
12-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты Мейликан Алтыбаеванын 75 жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, кесиптештери, шакирттери катышты. Коноктор Мейликан Алтыбаеванын адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев ректор Кудайберди Кожобековдун атынан куттуктап, анын устаттык сапатын жана окуу жайга кошкон салымын белгиледи.
Бүгүн ОшМУнун МФТИТ институтунда «Нооруз–2026» фестивалы жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, майрам шаңдуу маанайда белгиленди. Институттун 11 кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте улуттук кийимдерди кийип чыгышып, өздөрүнүн мыкты маданий номерлерин тартуулашты. Жогорку математика жана инновациялык технологиялар кафедрасы Математикалык анализ кафедрасы менен макал-лакап боюнча айтыш уюштурушту. Ага биздин улук окутуучубуз Жакыпбекова Атыргүл эжекебиз жана студенттерибиз катышты.











