КОНФЕРЕНЦИЯЛАР
Көрүнүктүү окумуштуу, ОшМУнун профессору Идирис Кенжаев 70 жашта
Кыргызстанда алгачкылардан болуп өндүрүшкө киргизилген кичи ГЭСтер, электрод-иондук жана күн нуру аркылуу иштөөчү мештер, күн нуру аркылуу иштөөчү светофорлордун ойлоп табуучусу, техника илимдеринин доктору, профессор, КРдин инженердик академиясынын академиги, ОшМУнун табигый ресурстар борборунун башкы илимий кызматкери Идирисбек Кенжаевдин 70 жаш мааракеси белгиленди.
Көрүнүктүү окумуштуунун мааракесине жана БУУнун Башкы ассамблеясынын “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясы менен жарыяланган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын 5 жылдыгына арналып окуу жайда “Төртүнчү өнөр жай революциянын шартында өлкөнүн илимий-технологиялык өнүгүүсү” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Иш-чара онлайн жана кадимки шартта өттү. Ага Орусия, Польша, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар, өлкөдөгү ЖОЖдордон өкүлдөр жана түштүк аймагындагы ЖОЖдордун ректорлору, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ректор Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, шакирттери катышты.
Илимий-практикалык конференцияда коноктор И.Кенжаевдин 70 жаш мааракеси менен куттуктап, анын илимдеги орду, илимий эмгектери өлкөнүн энергетика тармагына кошкон салымы чоң экендигин баса белгилөө менен бирге анын жетекчилиги астында бир нече илимий ачылыштар, долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалашты. Ошондой эле иш-чарада илимий баяндамалар окулду.
Профессор И.Кенжаевдин жетекчилиги менен 4 илимдин кандидаты даярдалып, 3 докторант, 4 PhD докторант жана 2 аспиранттар жана изденүүчүлөр илимий иштерин жыйынтыкташууда.
Ал 1 монографиянын, 1 окуу китебинин, 15тен ашуун окуу методикалык колдонмолордун, 100дөн ашуун илимий макалалардын 7 ойлоп табууга берилүүчү патенттердин автору.
Энергетика кафедрасынын докторанттары секцияларда өз иштерин сунушташты. Жороев А.М. жана Жумакулов Ж.А. (PhD) докторант – «Сунак сактоочу резервуары бар биротордук наплавной микро ГЭСтин конструкциясын иштеп чыгуу». Маразыков Ш. (PhD) докторант – «Радиацияны эске алуу менен бир өлчөмдүү көп катмарлуу денелердеги нестандарттык жылуулук өткөрүүнү сандык ыкма менен эсептөө методикасы». Кубатов Н.К., PhD докторант – «Күн жылуулук системаларында жылуулук өткөргүч катары колдонуу максатында наносуусундардын жылуулук-физикалык касиеттерин изилдөө».
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/PNG-20250306061500-jodi.png


Бишкекте 2025-жылдын 16-17-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг жана «Энергоэффективдүүлүк боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечектер» аттуу конференция болуп өттү.


            «Имараттарды энергиялык сертификаттоону өркүндөтүү: жаңыланган методология жана санариптик инструменттер» мастер-тренинги Бишкекте 2025-жылдын 16-декабрында «Имараттарды энергиялык сертификаттоо: жаңыртылган методология жана санариптик инструменттер» аттуу мастер-тренинг өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы энергия эффективдүүлүгүнүн келечектеги өнүгүүсүнө негиз боло турган жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерди таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Имараттарды энергиялык сертификаттоо бул имараттардын энергиялык мүнөздөмөлөрүн объективдүү баалоого, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого жана заманбап технологияларды колдонууга өбөлгө түзгөн механизм. Методологияны жаңыртуу жана жаңы санариптик инструментти иштеп чыгуу боюнча иштер ЮНИСОН Групп тарабынан 2024-жылдан бери «Өлкө боюнча энергия эффективдүүлүк боюнча сапаттуу консультациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп келет. Долбоор IKI (International Climate Initiative) кичи гранттар программасы тарабынан колдоого алынган жана Германиянын Экономика жана климаттык аракеттер министрлиги (BMWK) менен Германиянын Тышкы иштер министрлиги (AA) тарабынан каржыланып, GIZ тарабынан ишке ашырылууда. 16-декабрдагы мастер-тренингде төмөнкү багыттар боюнча материалдар сунушталды: • энергия эффективдүүлүгүн эсептөөнүн жаңыртылган методологиясы; • энергия керектөөсүн, СО₂ бөлүнүшүн жана жаңылануучу энергия булактарынын үлүшүн аныктоочу жаңы санариптик Tool; • практикалык кейстер жана реалдуу долбоорлордун талдоосу; • жаңыртылган методологияны практикага киргизүү боюнча сунуштар. Иш-чара өлкөнүн энергия эффективдүүлүк боюнча консультанттарын, эксперттерди, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерди бириктирип, тармактын келечектеги адистеринин даярдыгын чыңдоого жардам берет. Бул мастер-тренинг Кыргыз Республикасында энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, улуттук консультанттар реестрин кеңейтүү жана имараттарды энергиялык сертификаттоо системасын санариптик деңгээлге чыгаруу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Бул аракеттер жакынкы жылдары өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө, курулуш секторунда сапатты жогорулатууга жана жарандардын жашоо шартынын жакшыртылышына өбөлгө түзөт. 2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында «Энергоэффективдүүлүк боюнча улуттук диалог: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечектер» аттуу иш-чара өттү. Бишкек шаарында өткөн бул конференция Кыргыз Республикасында энергоэффективдүүлүктүн учурдагы абалын талкуулоого жана бул багыттагы улуттук демилгелердин жыйынтыктарын сунуштоого багытталды. Иш-чара Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын, эксперттик жана кесиптик коомчулуктун, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрүн бириктирди. Бул семинар-тренинг жана конференцияга Энергетика кафедрасынын доценти З.Ш. Айдарбеков жана ага окутуучу А. Жороевдер катышып келишти.