Райондук предмет боюнча олимпиада.
ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М. Ч. Осконбаев жана улук окутуучусу А. А. Орозбаева Ноокат районунда 11-12- февралда болуп өткөн предметтер боюнча окуучулардын райондук олимпиадасына төрага ( М. Осконбаев) жана мүчө ( А. Орозбаева) болуп келишти. Физика предмети боюнча 6 тереңдетилген 25 базалык негизде 31 окуучу катышты. Текшергенден кийин апелляциялык арыздарды дагы карап чыгышты.

















