Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана кабыл алуу кафедрада 2002–жылдан бери практикаланып келе жаткан модулдук - рейтингдик системага ылайык ар түрдүү формада жүргүзүлөт.
Программалоо багытындагы предметтер боюнча өз алдынча иштер, модулдар - курстук долбоор, тест, коллоквиум ж.б. формаларда кабыл алуу ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.
Кафедрада компьютердик илимдер багытындагы дисциплиналар боюнча модулдар - текшерүү иш, тест, коллоквиум, курстук долбоор жана жекече тапшырмалар түрүндө кабыл алынып, ар бир жарым жылдыктын аягында жыйынтыкталып, тиешелүү материалдар кафедрада сактоо маселеси пландаштырылды.
Инженердик адистиктиктерде компьютердик илимдер багытындагы дисциплиналар боюнча өз алдынча иштердин, курстук долбоорлордун жана модулдардын аткарылышын тиешелүү окутуучулар тарабынан системалуу көзөмөлдөө, консультациялар, кошумча сабактар өтүү жана кезметчилик убагында системалуу түрдө жекече жана топтук консультациялар берүү менен жүргүзүү пландалууда.

Кафедранын улук окутуучусу К. Кожобеков кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.