Ата-энелер менен жолугушуу 2026

Тегерек стол тууралуу маалымат

 2026-жылдын 17- февралында STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан "Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо" , "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо" адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдо төмөндөгү маселелер каралды.
1.Окуу пландар жана мамлекеттик стандарттар боюнча.
2.MyEDU программасынын иштөөсү
3.Студенттердин окуудагы жетишкендиктери.
4.Окуу тарбиялык иштер боюнча.
5.Ата-эне менен колледждин кызматташуусу.
6.Ар түрдүү маселелер
      Бул иш-чаранын аягында окууда жакшы жетишкендиктерди көргөзгөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Мындай жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.