История кафедры

1. Кафедранын аталышы: Химия жана химиялык технология.

2. Түзүлгөн жылы: 2001-жылдын 8-декабры, №208-буйрук.

Химия кафедрасынын негизинде 2001-жылдын 8-декабрындагы №208-буйруктун негизинде эки кафедра түзүлгөн:

Жалпы жана органикалык эмес химия кафедрасы;

Физколлоиддик, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедрасы.

Химия кафедрасы 1952-жылы уюштурулган. Алгачкы кафедра башчысы Абдуллина Мария Абдулхаковна болгон.

1954–1963-жж. кафедраны к.с.н., доцент Тильманс Н.Я. жетектеген.

1964–1968-жж. — к.с.н., доцент Синельников Ю.И.

1972–1975-жж. — х.и.к., доцент Карасаева Г.Х.

1976–1978-жж. — х.и.д., профессор Ципарис И.Н.

1978–1987-жж. — х.и.д., профессор Мурзубраимов Б.М.

1987–1992-жж. — х.и.к., доцент Жапаров Т.Ж.

1992–1997-жж. — х.и.к., доцент Матамаров Н.М.

1997–2020-жж. — х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т.

2020–2025-жж. — т.и.к., доцент Полотов И.Ж.

2025–2026-окуу жылынан тартып — х.и.к., доцент Гафорова Х.И. жетектеп келет.

ЖАЛПЫ ХИМИЯ ЖАНА ХИМИЯЛЫК-ЭКОЛОГИЯЛЫК, КРИМИНАЛИСТТИК ЭКСПЕРТИЗА КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ

Кафедранын башчысы — техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги Майрам Абдуллаева А.А.

Кафедранын өнүгүшүнө профессорлор А. Абдуллина, Ю.Я. Тильманс, Ю.И. Синельников, Г.Х. Карасаева, Н.М. Матамаров, Т.Ж. Жапаров жана химия илимдеринин докторлору, профессорлор И.Н. Ципарис, Б.М. Мурзубраимов, Д.Т. Алтыбаева чоң салым кошушкан.

Кыргызстан үчүн фундаменталдык билим менен бирге эксперттик жөндөмгө ээ адистерди даярдоо зарылдыгынан улам, 2001-жылы химиялык-экологиялык жана соттук экспертиза адистиги ачылган. Бул адистиктин ачылышы, ошондой эле методисттерди бир кафедрага топтоо жана университеттин химиялык жана химиялык эмес факультеттеринде жалпы жана органикалык эмес химияны окутуунун сапатын жогорулатуу максатында, академик Б.М. Мурзубраимовдун демилгеси менен Химия кафедрасынын базасында 2001-жылы эки кафедра түзүлгөн.

Жалпы жана органикалык эмес химия кафедрасынын башчысы болуп химия илимдеринин доктору, академик Б.М. Мурзубраимов дайындалган.

2001–2006-жылдары кафедраны химия илимдеринин кандидаты, доцент Б.А. Кеңешов жетектеген, андан кийин ф.и.к., доцент Т.А. Мамытов иш алып барган.

2007-жылдан тартып кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор М.Д. Абдуллаева жетектеп келген.

Кафедранын негизги стратегиялык милдети — экологиялык маселелерди чечүүдө химиялык билимдерди колдоно билген адистерди даярдоо жана экологиялык таза, жаңы технологияларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Кафедранын ишмердүүлүгү республикада үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган. Окутуучулар тарабынан «Экологиялык химия» аттуу атайын курстар системасы иштелип чыккан.

Кафедрада 1 профессор (д.т.), 2 профессор (п.и.д.), 4 доцент (т.и.к.), 1 улук окутуучу жана 2 окутуучу эмгектенет. Сапаттык көрсөткүчү 70%ды түзөт.

2005-жылы 510501 — «Химия» адистиги боюнча химиялык-экологиялык жана соттук экспертиза багытында биринчи бүтүрүүчүлөр чыгарылган.

Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ар түрдүү мекемелерде ийгиликтүү эмгектенишүүдө. Мисалы:

— Эрнис Бепиев — Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк аймагындагы соттук-экспертиза бөлүмүнүн башчысы;

— Токтосунов Р. — Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин соттук-медициналык эксперти;

— Абдикапарова А. — КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун Кадамжай райондук бөлүмүнүн эксперти;

— Сатарова Э. — Ош шаарындагы соттук-медициналык экспертизанын химик-эксперти ж.б.

Жалпы жана органикалык эмес химия кафедрасы түзүлгөндө анын башчысы болуп химия илимдеринин доктору, академик Б.М. Мурзубраимов дайындалган.

2001–2006-жылдары кафедраны х.и.к., доцент Б.А. Кеңешов, андан кийин ф.и.к., доцент Т.А. Мамытов жетектеген.

2007–2020-жылдары кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор М.Д. Абдуллаева жетектеген.

2020-жылы эки кафедра биригип, «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасы болуп түзүлгөн. Ага техника илимдеринин кандидаты, доцент И.Ж. Полотов жетекчи болуп шайланган.

2025-жылдын 5-июлунан тартып кафедра башчысы болуп химия илимдеринин кандидаты, доцент Гаффорова Х.И. шайланды.