17.03.2026. Конок лекция
ТОСВТиКС адистигинде конок лекция Бүгүн 17.03.2026. ТОСВТиКС адистигинин бүтүрүүчү курстары үчүн өзгөчө жана пайдалуу иш-чара болуп өттү. О! Bank компаниясынын IT бөлүмүнүн програмалык тестировщиги Эминова Аймээрим конок лекция окуду. Лекция “Мой путь в IT” деген темада болуп, студенттерге чоң мотивация жана тажрыйба берди. Аймээрим өзүнүн IT тармагына кантип келгенин, студенттик алгачкы кадамдардан тартып бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктерин кеңири баяндап берди. Ал тестировщик катары иштөө өзгөчөлүктөрү, күнүмдүк жумуш процесси жана бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн керектүү көндүмдөр тууралуу да айтып өттү. Лекция учурунда студенттер активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, IT тармагына байланыштуу маанилүү маалыматтарды алышты. Айрыкча, жаңы жумуш издегендер үчүн кандай ресурстарды колдонуу керектиги, өз алдынча үйрөнүү жолдору жана карьераны кантип туура баштоодо кандай компетенцияларга ээ болуу керектиги тууралуу айтылган кеңештер баарына пайдалуу болду. Мындай жолугушуулар студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Алар теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик жолун туура тандоого жардам берет. ТОСВТиКС адистиги мындан ары да ушундай пайдалуу жана кызыктуу иш-чараларды уюштурууну улантат











