"ТОСВТиКС адистигинде студенттердин мобилдүүлүгү"
ТОСВТиКС адистигинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында кезектеги мазмундуу иш-чара уюштурулду. Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунан (УИТО) студенттер мобилдүүлүк боюнча ТОСВТиКС адистигине келишти. Жетектеп келген окутучу Акматалиева Айпери студенттер үчүн “Санариптик көз карандылык” темасында конок лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө санариптик технологиялардын заманбап коомдогу ролу, алардын күнүмдүк жашоого тийгизген таасири жана ашыкча колдонулушунун натыйжасында пайда болгон көз карандылык маселеси илимий негизде талдоого алынды. Лектор санариптик көз карандылыктын психологиялык жана социалдык аспектилерин, анын ичинде көңүл буруунун төмөндөшү, убакытты башкаруудагы кыйынчылыктар жана социалдык байланыштардын алсырашын мисалдар аркылуу түшүндүрүп берди. Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер тема боюнча активдүү катышып, өз ойлорун ортого салышты. Бул иш-чара студенттердин санариптик маданиятын жогорулатууга, ошондой эле маалыматтык технологияларды туура жана жоопкерчиликтүү колдонуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталды. Мындай илимий-практикалык мазмундагы жолугушуулар студенттердин билим деңгээлин кеңейтүүдө жана заманбап чакырыктарга адаптациялануусунда маанилүү роль ойнойт.











