Новости

Конок лекция

Казак Республикасынын К. Жубанов атындагы Ак- дөбө мамлекеттик университетинин доценти, ф.-м.и.к. математика кафедрасынын доценти Ахмедова Айымгуль 510400 "Физика" адистигиндеги 1- курстун магистрлери, PhD - докторанттар жана " Физика " бакалавр студенттерге конок лекция окуду.


Бүтүрүүчүнүн ийгилиги.

510400 "Физика" адистигинин бүтүрүүчүсү Төлөков Канатбек даярдаган 9-10- класстардын окуучулары түштүк регион боюнча өткөрүлгөн робототехника боюнча мелдеште 1- орунду ээлеп Евразияда Астана шаарында өтүүчү конкурска жолдомо алышты.


Олимпиада.

510400 " Физика " адистигинин 2- курсунун магистри Темирбаева Айнура Жолдошбековна даярдаган 9- класстын окуучусу №28 Ч. Айтматов атындагы мектептин Жалал-Абад областтык олимпиадага катышып, 2- орунду алып республикалык олимпиадага жолдомо алган. Республикалык олимпияда да тилеке каршы орунга илешбей калган. "10-11- класста республикада 1- орунду ээлейм"- деп даярданып жатат. Магистрибиз Айнура Жолдошбековнанын иштерине ийгиликтерди каалайбыз.


Конкурстун жеңүүчүсү.

510400 "Физика" адистигинин бүтүрүүчү магистри, Ноокат районунун "Борко" жалпы орто билим берүү мектебинин физик мугалими Асанова Асия " Мыкты мугалим - 2026" конкурсуна катышып 2- орунду жеңип алды. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн андан аркы ишине ийгилик каалайбыз. ЭТФ кафедрасынын жамааты.