Кафедранын тарыхы
Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасы

ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ

«Агрономия жана колдонмо геодезия» кафедрасы
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун «Агрономия жана колдонмо геодезия» кафедрасы – заман талабына жооп берген адистерди даярдоого багытталган жаш жана динамикалуу өнүгүп жаткан бөлүм.
Кафедранын тарыхы 2018-жылдан башталат. Бул жылы зоология жана жалпы экология кафедрасынын базасында «Ветеринария» адистиги ачылып, агрардык билим берүүнүн пайдубалы түзүлгөн.
2020-жылы структуралык өзгөрүүлөр жүргүзүлүп, «Дыйканчылык» кафедрасы түзүлгөн. Ошол эле жылдан тарта агрономия багыты боюнча студенттер кабыл алына баштаган.
2022-жылы «Агрономия» жана «Колдонмо геодезия» адистиктери бириктирилип, азыркы кафедра түзүлгөн. Бул кадам билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана илимий изилдөөлөрдү кеңейтүүгө шарт түздү.
Кафедраны 2022-жылдан бери Муратова Рахима Темирбаевна жетектейт.
Бүгүнкү күндө кафедра төмөнкү адистиктер боюнча кадрларды даярдайт:
  • Агрономия (бакалавр)
  • Колдонмо геодезия (специалитет)
Агрономия багытындагы студенттер топурактын асылдуулугун, дыйканчылык мыйзамдарын жана заманбап агротехнологияларды өздөштүрүшөт. Ал эми геодезия адистиги Жердин формасын, өлчөмдөрүн изилдеп, инженердик жана курулуш тармагында колдонулат.
Кафедра илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, студенттерди практикага даярдоого өзгөчө көңүл бурат.

Кафедранын миссиясы

Агрономия жана геодезия тармактарында жогорку квалификациялуу, заманбап талаптарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.