2026-жылдын 4-апрель күнү ОшМУнун МФТИТ институтунун студенттери/магистранттары үчүн MDigital IT компаниясынын программисти, иштеп чыгуу тармагында чоң тажрыйбага ээ, финтех багытында көп жылдан бери иштеп, ири долбоорлорду ишке ашырган Элдос Аталов “Коддон серверге чейин: VS Code’дон 30 мүнөттө жана эмне үчүн Kubernetes керек эмес” деген темада конок лекция өтүп берди. Лекция практикалык иштер менен коштолуп, кызыктуу өттү. Студенттер/магистранттар пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
⬅ Листайте вправо или влево ➡
2026-жылдын 3-апрель күнү ОшМУнун МФТИТ институтунун студенттери үчүн ИСП кафедрасы тарабынан белгилүү IT адистердин катышуусундагы конок лекциялар уюштурулду.
1. Эл аралык EPAM IT компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Алмаз Чаначев EPAM Kyrgyzstan компаниясы жөнүндө, башкача айтканда, IT компаниясына ишке орношуу үчүн талап кылынган эрежелер, компетенциялар тууралуу айтып берди. Ошондой эле студенттер компаниянын сайтындагы бекер окуу курстарынан өтүү менен практикасын аралыктан өтөсө болорун жана кийинки этапта баарлашуу аркылуу жумушка алынаарын айтып кетти.
2. Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркынын Келечек экосистемалары бөлүмүнүн башчысы Нурзат Тынымбек IT тармагын Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү өнүгүүсү, проблемалары жана ийгиликтери тууралуу айтып берди.
3. EPAM Kyrgyzstan компаниясынын программисти Акылбек Жолонов Вайбкодинг темасындагы практикалык сабакты өтүп, студенттерге жасалма интеллекти колдонуу менен ийгиликтүү программаларды кантип түзүүгө болорун студенттер менен чогуу түзгөн вебсайттын мисалында көрсөтүп берди.
Конок лекцияга ИСП кафедрасынын мугалимдери жана студенттери/магистранттары да катышты.
⬅ Листайте вправо или влево ➡











