2025-жылдын 28-29-30-31- январь жана 1-февраль кундору Ош шаардык мэриясынын колдоосу,Ош шаардык билим беруу башкармалыгынын демилгеси менен ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан сунушталып, Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы тарабынан уюштурулуп, курсту кафедранын доценти Ж.Эгембердиев, ага окут. М. Курбаналиев, улук окутуучулар А.Эгемназарова, М. Калбекова жана окутуучулар Ж.Макамбаева, Ж. Молдояровалар Ош шаарындагы жалпы орто билим беруучу мекемелердин физика мугалимдери учун ЖРТга даярдоонун негиздери жана окутуунун жаны технологияларын ездештуруу боюнча семинар-тренинг өтүштү.
Кыргыз республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Агартуу академиясынын ОМКларды иштеп чыгуу жана түзүү адистери тарабынан 2026-жылдын 9-апрелинде “12 жылдык билим берүү боюнча окуу колдонмолорун иштеп чыгуу, редакциялоо, экспертизадан өткөрүүчү адистерди чогултуу максатында Окуу китептерин жазуу эрежелери менен тааныштырып семинар өтүштү, аталган семинарга ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын доценти З. Омаралиева, улук окутуучулары А. Эгемназарова, М. Калбекова, окутуучулары Ж. Молдоярова, Г. Бекжан кызы катышышты
Чет мамлекеттик өнөктөштөр менен жолугушуу
2024-жылдын 31-май күнү саат 14:30 да 207-аудиторияда ОшМУнун 85 жылдыгынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Физика” кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д. профессор Юлдашев Насирдин Хайдарович жетектеген эмгек жамааты менен окуу жайдын Жалпы физика жана ФОУ, ЭТФ кафедраларынын жалпы жамааты, студенттери жана магистранттарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ар кандай маселелер талкууланып, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.
Райондук предмет боюнча олимпиада 11-12- февралда болуп өткөн предметтер боюнча окуучулардын райондук олимпиадасына Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, М.Ж.Калбекова Ноокат районуна, улук окутуучусу А. Ж. Эгемназарова Алай районуна жана окутуучулар Бекжан кызы Г., Калидин кызы Т. Ош шаарына барышып комиссия болуп иштеп келишти. Физика предмети боюнча Ноокат районунда 6 тереңдетилген 25 базалык негизде 31 окуучу, Алай районунда 26 базалык негизде, Ош шаарында 9 тереңдетилген 16 базалык негизде 25 окуучу катышты. Текшергенден кийин апелляциялык арыздарды дагы карап чыгышты.
Предметтик олимпиадага жооптуулар:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү" боюнча буйругуна ылайык калыстар тобунун курамына кафедранын төмөнкү окутуучулары барып катышышты:
Райондук предмет боюнча олимпиада 11-12- февралда болуп өткөн предметтер боюнча окуучулардын райондук олимпиадасына Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, М.Ж.Калбекова Ноокат районуна, улук окутуучусу А. Ж. Эгемназарова Алай районуна жана окутуучулар Бекжан кызы Г., Калидин кызы Т. Ош шаарына барышып комиссия болуп иштеп келишти. Физика предмети боюнча Ноокат районунда 6 тереңдетилген 25 базалык негизде 31 окуучу, Алай районунда 26 базалык негизде, Ош шаарында 9 тереңдетилген 16 базалык негизде 25 окуучу катышты. Текшергенден кийин апелляциялык арыздарды дагы карап чыгышты.
Ош мамлекеттик университетинде КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мейликан Алтыбаеванын 75 жаш кутман курагына жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу кафедрасынан улук окутуучу А.Ж. Эгемназарова “Физиканы окутууда санариптик технологияны колдонуу”, окутуучулар Ж.Б. Молдоярова “Физиканы окутууда электрондук окуу куралдарынын өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү”, Ж.А. Макамбаева “Физиканы окутууда компьютердик виртуалдык лабораториялардын орду” деген темада доклад окушту. Докладдар боюнча кызуу талкуу болду.











