2026-жылдын 2-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун "МК(б)-1-23" тайпасы үчүн илимий-методикалык маанилүү конок лекциясы өткөрүлдү. Лекцияны Актюбе регионалдык университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Ахметова Айымгул Утегуловна жетектеди. Иш-чара "Дифференциалдык теңдемелер" дисциплинасынан "Толук дифференциалдык теңдемелер" деген актуалдуу темага арналды.
Лекциянын жүрүшүндө доцент Ахметова толук дифференциалдык теңдемелердин теориялык негиздерин — потенциалдык функцияны калыбына келтирүү, интегралдоочу көбөйтүүчүнү аныктоо, Коши маселесинин шарттарын — кеңири илимий тактыкта түшүндүрдү. Окутуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында интерактивдик педагогикалык ыкмалар колдонулду: студенттер төрт топко бөлүнүп, ар бир топ өз алдынча конкреттүү мисалдарды чыгаруу менен теманы практикалык деңгээлде бекемдешти.
Топтор арасында өз ара талкуу уюштурулуп, студенттердин таанып-билүү активдүүлүгү жана аналитикалык ой жүгүртүүсү стимулдаштырылды. Мындай ыкмалар математикалык билимди бекемдөө менен бирге илимий-коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандырды.
Конок лекциясынын алкагындагы интерактивдүү формат студенттердин дифференциалдык теңдемелерди чечүү ыкмаларына болгон ишенимин арттырып, толук дифференциалдык теңдемелерди практикада колдонуунун артыкчылыктарын көрсөттү. Доцент Ахметованын методикалык чеберчилиги ар бир студенттин деңгээлине ылайык тапшырмаларды тандоодо даана байкалды.
Бул конок лекция эки жогорку окуу жайынын — Актюбе регионалдык университети менен Ош мамлекеттик университети — ортосундагы академиялык кызматташтыктын натыйжалуу үлгүсү катары тарыхта калды. Ошондой эле ал математикалык билим берүүдөгү инновациялык ыкмалардын жашоо жөндөмдүүлүгүн далилдеп, эки тараптуу илимий байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылды.











