Студенческие конференции

2026-жылдын 4-апрелинде ОшМУда IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 19-март күнү 4-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик кызматкерлер күнү деп белгиледи. Бул майрамга дал келген IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасына ИСП кафедрасынын доценттери Көчкөнбаева Б.О., Сатаров А., окутуучулары Карабаев С., Каланова А. катышты жана уюштуруу иштерине жардам беришти. Саммиттин жүрүшүндө студенттер жана магистранттар үчүн пайдалуу лекциялар, мастер класстар көрсөтүлдү.

⬅ Листайте вправо или влево ➡


2023-жыл


“Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференциянын ПРОГРАММАСЫ (2023-жыл үчүн)

I секциянын протоколу

II секциянын протоколу

III секциянын протоколу

IV секциянын протоколу

V секциянын протоколу

ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ РОБОТ-МАШИНА ЖАСАШТЫ

Ош мамлекеттик университетинде 2023-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференцияда МИТ факультетинин студенттери Абдиллаева Нурзада Чынбердиевна, Манапов Алишер Зулфидинович, Бакиров Мухамедалы Сабырбеков “Жеткиликтүү материалдардан чынжыр дөңгөлөктүү робот-машинаны жасоо” аттуу темада пленардык кеңешмеде баяндама жасашты. Баяндамачылар актуалдуу темада чыгып сүйлөшүп, жөнөкөй күнүмдүк материалдардан иштеген робот-машинанын макетин жасашты.

Манапов Алишер: “Технология өнүккөн дүйнөдө биз роботту жасоого адаттан тыш көз караш менен мамиле кылууну чечтик. Кымбат компоненттерди колдонбостон, баарына жеткиликтүү буюмдарды пайдаландык. Бул долбоор студенттерди минималдуу чыгым менен өз идеяларын ишке ашырууга шыктандырууну көздөйт.”