2026-жылдын 4-апрелинде ОшМУда IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасы өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 19-март күнү 4-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик кызматкерлер күнү деп белгиледи. Бул майрамга дал келген IT тармагындагы эң маанилүү TechSummit Osh 2026 иш чарасына ИСП кафедрасынын доценттери Көчкөнбаева Б.О., Сатаров А., окутуучулары Карабаев С., Каланова А. катышты жана уюштуруу иштерине жардам беришти. Саммиттин жүрүшүндө студенттер жана магистранттар үчүн пайдалуу лекциялар, мастер класстар көрсөтүлдү.
⬅ Листайте вправо или влево ➡











