2024-25

“Математика” магистрдик багыты боюнча тегерек стол

2025-жылдын 11-апрелинде “Математика” магистрдик багыты боюнча алгебра жана геометрия кафедрасында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун максаты:

  • иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүү программасы, окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу;
  • иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу;
  • бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кездешкен кыйынчылыктары боюнча пикирлерин угуу.

Максатка ылайык коюлган суроолор боюнча катышуучулар чакан топтордо иштеп, өз ара эркин пикир алмашышты. Тегерек стол жигердүү талкуу жана пайдалуу сунуштар менен коштолду.